Hesperian Health Guides
Табарсыктын жана ичегилердин иштөөсү
HealthWiki > Disabled Village Children > 22-БӨЛҮМ: Жүлүн чуркусу > Табарсыктын жана ичегилердин иштөөсү
WARNING! Жүлүн чуркусу бар балдардын айрымдарында табарсык толук бошобойт. Бул кооптуу, анткени заара табарсыкта көпкө кармалса, анда бактериялар көбөйүп, табарсык менен бөйрөктөр инфекцияланышы мүмкүн. Жүлүн чуркусу бар балдарда заара чыгаруу жолдорунун инфекциялык оорулары бул балдардын чарчап калуусунун көп учураган себептеринин бири.

![]() |
![]() |
Эне баласынын курсагын кармалап, табарсыгы канчалык толгонун аныктаганды үйрөнүп, курсагын абайлап чапкылап, мындан бала заара кылар бекенин байкап көрсө болот. Эгер мындай ыкмадан заарасы чыкпаса, аны чыгаруу үчүн, маал-маалы менен табарсыгын абайлап басып турса болот | Кийин айрым балдар кыйкыруу, тоголонуу, каткыруу же чүчкүрүү ыкмалары аркылуу заара кылып, табарсыгын бошотконду үйрөнсө болот. Башкалар, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, курсагын басуу жолу менен муну аткара алышат, бирок мунун кооптуу жактары жок эмес. |
Кээ бирлери заарасын табарсыгынан чыгаруу үчүн, “катетерди” же желим түтүктү колдонушу зарыл болушу мүмкүн. Көп учурда, алар 5 жашка чыккыча, катетерди өз алдынча колдонгонду үйрөнүшөт. | ![]() | |
Чоңоюп калганда, эркек балдар заараны чогулткан баштыкчага туташтырылган “кондомду” пайдаланууга көпчүлүк учурда жөндөмдүү болушат | ![]() |
![]() |
Көп учурда, кыздар табарсыгын катетердин жардамы менен бошотуп туруусу зарыл. Мындан тышкары, мындай процедуралардын ортолорунда тамчылап чыгып турган заараны чогултуу үчүн, жалаякшым кийип алуу керек болушу мүмкүн. Кыздар күзгүнүн жардамы менен заары чыгуучу тешигин таба алышат. |
![]() |
Өздөрүн салыштырмалуу кургак, таза алып жүрүп, дени сак болушу үчүн, жүлүн чуркусу бар балдардын көпчүлүгүнө табарсыгын жана ичегилерин башкарганды үйрөтүп койсо болот. Ошондо, алар мектепте окуп, үйдөн сырткары далай нерселерди өзүнө көбүрөөк ишеним менен аткарганга жөндөмдүү болушат. Андыктан, реабилитологдор жана үй-бүлөлөр мындай балдарына табарсык менен ичегилеринин кызматын башкаруунун иштөөчү ыкмасын иштеп чыгуусуна жардам берүүсү өтө маанилүү.
Template:Interlanguage:Disabled Village Children:Bladder and Bowel Management