Hesperian Health Guides
Контрактуралардын АЛДЫН АЛУУ жана аларды оңдоо
HealthWiki > Disabled Village Children > 22-БӨЛҮМ: Жүлүн чуркусу > Контрактуралардын АЛДЫН АЛУУ жана аларды оңдоо
|
CAUTION! Чоюу көнүгүүлөрүн чыңалып кыймылдабай калган же кыймылдоо ийкемдиги чектелүү муундарга гана жасаңыз. Эгер муун бош болсо, булчуңдарды андай ары чойбой эле коюңуз, муундун кыймылдоо ийкемдиги ансыз эле жогору.
Мисалы: | |||
| Эгер бут кетмени сүрөттө көрсөтүлгөндөй кармалган боюнча катып калгансып калса, | бут кетменин бара-бара көтөрүү үчүн, көнүгүүлөрдү аткарыңыз. |
ТУУРА
| |
| Бирок эгер бут кетмени бош болсо же өйдөгө нормадан ашык көтөрүлсө, | булчуңдарын жана байламталарын ого бетер чоюп салуучу көнүгүүлөрдү жасабаңыз. |
ТУУРА ЭМЕС
| |
Жүлүн чуркусу бар балдардын жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын бүгүүчү булчуңдары аларды жазуучу булчуңдарынан күчтүүрөөк болгондуктан, аларда, төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн баланыкындай, контрактураралар пайда боло бермейи бар. Чоюу көнүгүүлөрү жана курсагына жатуу жардам бериши мүмкүн.
|
контрактуранын бурчу
Тартылып калган тарамыштары бул муунун жазытпай кармап турат. |
Мындан тышкары, басуу үчүн көмөкчү жасалгалары контрактураларды күчөтпөй, аларды оңдоого жардам берерин камсыз кылыңыз.
| Металлдан жасалган, кымбат мындай ”бастыргыч” жамбаш муундары бүгүлүү, жүлүн чуркусу бар баланын “басуусуна” мүмкүнчүлүк берет. | Туура бийиктикте орнотулган параллелдүү брустарды кармап басканда, бала тигирээк туруп басууга мүмкүнчүлүк алат. Мындай ыкма контрактуралардын калыптануусуна жол бербейт жана көмөкчү каражаттардын жардамысыз басууга шарт түзөт. |
| Бут кетмендери өйдөгө чегинен ашып бүгүлүп калгандыктан, кээде бала жамбаш сөөк - кашка жилик жана тизе муундарын бүгүп кармоого аргасыз болот. Мындан анын жамбаш сөөк - кашка жилик жана тизе муундарында контрактуралар пайда болушу мүмкүн. |
||
| Түзүрөөк туруу, жакшыраак басуу жана контрактуралардын калыптануусуна жол бербөө үчүн, балага бут кетмендерин бекем кармоочу, тизеге чейин ортездер жетиштүү болушу мүмкүн. |
Template:Interlanguage:Disabled Village Children:Prevention and Correction of Contractures