Hesperian Health Guides

5-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсүндөгү прогресске баа берүү жана аны каттоо үчүн жөнөкөй ыкмалар


HealthWiki > Disabled Village Children > 5-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсүндөгү прогресске баа берүү жана аны каттоо үчүн жөнөкөй ыкмалар


Бул бөлүмдө:

Баланын өнүгүүсүндөгү прогрессти каттоо маанилүү. Мындай маалыматты кылдаттык менен каттоо реабилитологдорго жана ата-энелерге баланын ден соолугунун өзгөрүүсүнө көзөмөл жүргүзүүгө жана сунуштардын, дарылоонун жана колдонулган көмөкчү каражаттардын майнаптуулугуна баа берүүгө жардам берет.

Бардык – физикалык, акыл-эс жана социалдык – аспектилерди эсепке алып, өзгөрүүлөр боюнча толук маалымат чогултуу зарыл. баланын өнүгүү картасы жаш балдар менен иштөөдө пайдалуу болот. 5 жаштан өткөн балдар үчүн ушул бөлүмдүн аягында баланын белгилүү нерселерди кылуу жөндөмдүүлүгүнүн өрчүүсүнө баа берүү үчүн жөнөкөй карта (№5 КАТТОО БАРАГЫ) бар.

Эгер ата-энеси жана бала өзү ахывалынын өзгөрүүсүн такай текшерип, алынган маалыматты каттап турса, ахывалдын бара-бара жакшыруусун байкоо оңоюраак болот. Даана жакшыруу байкалгыча баланын ахывалынын өзгөрүүсү абдан жай жүрөрү жана бул бир нече жумага же атүгүл бир нече айга созулары тууралуу аларга алдын ала эскертиңиз. Чыдамкайлык менен куралданып, маанилүү көнүгүүлөрдү үзбөй аткаруусуна жана көмөкчү каражаттарды такай колдонуусуна аларга дем бериңиз.

Тилекке каршы, деформацияларды жана контрактураларды каттоонун стандарттык ыкмасы кандайдыр бир бурчка айырмалануу, градустук ченем жана алардын белгилеништери тууралуу билимди талап кылат. Муну адамдардын көбү түшүнүшпөйт. Ченөөнүн, каттоонун жана алынган маалыматты түшүнүүнүн, үй-бүлө мүчөлөрү колдоно алгандай, мүмкүн болушунча жөнөкөй, түшүнүктүү жана кызыктуу ыкмасы керек. Төмөндө бир нече сунуш келтирилген.



This page was updated:22 May 2025