Hesperian Health Guides

Омуртка тутумунда ийрийүү бар же жогуна текшерүү

Бул бөлүмдө:

Физикалдык текшерүүгө арналган 4-бөлүмдө каралган.

СКОЛИОЗДУН БАШТАПКЫ БАСКЫЧЫНЫН МҮМКҮНДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ

  1. Бир ийин экинчисине салыштырмалуу өйдөрөөк.
  2. Бир далы экинчисине караганда көбүрөөк оркоюп калат.
  3. Жамбаш сөөктүн үстүнкү четинин бир капталы өйдөрөөк же көбүрөөк чыгып турат.
  4. Бир кол экинчисине салыштырмалуу денеге жакыныраак кармалат.
  5. Омуртка тутумунун бел бөлүгү алдыга чегинен аша ийилип калат (лордоз).
  6. Ийиндер бүкчүйүп же арка бүкүрөйүп калат.
  7. Бел бөлүктүн бир капталындагы теринин бүктөмү экинчи капталындагыга салыштырмалуу чоңураак болот.
  8. Бала бир капталына ооп же жантайып калгансып турат.
  9. Эңкейгенде, кабыргасы уркуюп калат.
  10. Эңкейгенде, бел бөлүк деңгээлинде дөмпөйүү бар болот.
  11. Баланын агасынын, инисинин, эжесинин, карындашынын, ата-энесинин бирөөнүкү же жакын тууганынын сколиозу бар.
Эңкейген баланын омуртка тутуму боюнча өтүүчү сызыкты узата караңыз DVC Ch20 Page 162-5.png
DVC Ch20 Page 162-3.png
child with a rib hump
Бир жагындагы кабыргасы уркуюп чыгып калган.
child with a rib hump
Кабырга уркуюп калган.
омуртка
кабырга
Омуртка тутумунун ийрийген бөлүгүндөгү омурткалар бир жагына бурулуп калгандыктан, кабыргалар уркуюп калат.

БУЛ БЕЛГИЛЕРГЕ ТЕКШЕРИҢИЗ:

a child with scoliosis
Бир ийин экинчисине салышты-рмалуу ылдыйыраак.
Жамбаш сөөк капталына жантайып турат.
Ийрийүүнү тагыраак аныктоо үчүн, ар бир омуртканын уркуйган жерин белгилеңиз.

Омуртка тутумунун ийрийүүсү чынында сиз белгилегенден да көбүрөөк болот.
a spine with scoliosis
чыныгы ийрийүү (рентгенограммада көрүнөт).
омурткалардын үстүнөн көрүнүшүн,
DVC Ch20 Page 162-9.png
уркуйган жерлери



Баланы сколиозго текшерүү учурунда,

ийрийүүнү түздөө мүмкүн (туруктуу эмес) бекенин. же мүмкүн эмес (туруктуу) экенин да кошо текшириңиз.
DVC Ch20 Page 162-10.png
DVC Ch20 Page 162-11.png




This page was updated:22 May 2025

Template:Interlanguage:Disabled Village Children:Examining for Spinal Curve