Hesperian Health Guides
Кашка жиликтер жамбаш сөөк менен ашташтарынан чыгып кетүү башка ортопедиялык дефекттер менен айкалышып чогуу байкалуу
HealthWiki > Disabled Village Children > 18-БӨЛҮМ: Кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарынын дефекттери > Кашка жиликтер жамбаш сөөк менен ашташтарынан чыгып кетүү башка ортопедиялык дефекттер менен айкалышып чогуу байкалуу
Жандуу балдарда, айрыкча эркек балдарда көбүрөөк кездешүүчү мындай дефекттердин 2 түрү учурайт:
- Кашка жиликтин “башындагы” муундук кемирчектин, же “өсүү борборунун”, бузулуусу Пертес оорусу деп аталат. Ал көбүнчө 2–12 жаш аралыгында башталат, ар 1000 эркек баланын ичинен 1ден азында кездешет.
- Муундук кемирчек ордунан жылып кетүүсү азыраак кездешет. Ал капыстан пайда болот же бара-бара өрчүйт, көбүнчө 11–16 жаш аралыгында (бала дүркүрөп өсүп жаткан мезгилде).
Бул эки бузулуунун себептери белгисиз.
“Өсүү борбору” ага кандын убактылуу келбей калуусунан улам бузулат. Бул сөөк тканы өлүүсүнө алып келет.
Демейде “өсүү борбору” бузулушунун башка илдеттерге байланышы жок. Кан келбей калуудан “өсүү борбору” бузулуу жамбаш сөөк - кашка жилик муунунун кургак учугунан, орок сымал клеткалуу анемиядан, ВИЧинфекциядан, гипотиреоздон же кортикостероиддерди колдонуудан улам болушу мүмкүн. Мындай учурда, кылдат медициналык текшерүү сунуш кылынат.
“Өсүү борбору” (кашка жиликтин башындагы шапке сымал муундук кемирчек) нормалдуу | ![]() жамбаш сөөктөгү, кашка жиликтер отурчу ойдуңчалар |
Пертес оорусунда байкалчу, бузулууга дуушар болгон “өсүү борборунун” бытырандысы |
ДАРТТЫ ТАК АНЫКТОО: Эгер балада кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтарынын дефекттеринин жогоруда келтирилген белгилеринин бири байкалса, анын себебин аныктоо үчүн, баланы рентгенге түшүрүүгө аракет кылыңыз.
“Өсүү борбору” ордунан жылып кетүүсүн дарылоо жана анын күчөшү

Эгер “өсүү борбору” ордунан жылып кеткен болсо, мүмкүн болгондо, аны хирургиялык операциянын жардамы менен ордуна келтирип бекитүү зарыл. Эгер хирургиялык операцияны жасатуу мүмкүн болбосо, “өсүү борбору” кашка жилигине биротоло бекилгиче (нормада, бала 16–18 жашында) ал андан көбүрөөк жылып кетүүсүнө жол бербөө максатында, бала күчтүү көнүгүүлөрдү аткаруудан, чуркоодон жана секирүүдөн оолак болууга тийиш. Хирургиялык операциясыз, айрыкча “өсүү борбору” ордунан таптакыр жылып кеткен учурда, улам күчөгөн, деструктивдүү (бузуучу) артрит өрчүй башташы мүмкүн.

Пертес оорусун дарылоо жана андан айыгуу мүмкүндүгү
“Өсүү борборуна” кан келбей калганда, сөөк өлүп, бытырана баштайт. Ошол эле убакта, дене жаңы сөөк жасай баштайт. Жаңы “өсүү борбору” 2–4 жылда толук калыптанганда, бала кайрадан аздыр-көптүр нормалдуу басып калат, бул демейде ооруу менен коштолбойт. Бирок жаңы “өсүү борбору” мурункуга салыштырмалуу көбүнчө жалпагыраак болуп калыптанып, жамбаш сөөктөгү ойдуңчасына жакшы отурбайт. Натыйжада, мындай ашташ кийин жешиле баштайт жана ооруу менен коштолгон, улам күчөгөн, деструктивдүү артрит өрчүй башташы мүмкүн.
Пертес оорусун дарылап айыктыруу үчүн, көп ыкмалар колдонулуп көрүлгөн. Бул ыкмалардын көпчүлүгү кыймылдоону чектөө жана буттарды эки жакка кенен буруп алып кармоо (мындай абалда “өсүү борбору” кайрадан тоголок болуп нормалдуу калыптанат) аракеттери менен мүнөздүү.
![]() гипстүү таңуу |
![]() |
![]() |
буттардын бүтүндөй узундугуна созулуучу, аларды ордунда бекем кармоочу жасалга | буттардын үстүнкү бөлүгүнө гана кийилүүчү, аларды ордунда бекем кармоочу жасалга |
Хирургиялык 3 ыкманын ар бири кашка жиликтин башынын формасын, ал жамбаш сөөктөгү ойдуңчасына жакшыраак отурушу жана жаңы “өсүү борбору” тоголок, демек туурараак болуп калыптанышы үчүн, өзгөртүүгө жардам бере алат.
Хирургиялык операция кымбат. Мүчөнү ордунда бекем кармоочу жасалганы колдонууга салыштырмалуу анын кооптуу жактары көбүрөөк. Бирок хирургиялык операцияга жана андан кийин калыбына келүү мезгилине кыйла азыраак убакыт (гипстүү таңууда төшөктө жатууга болгону 6 жума) кетет. Андан кийин бала аздыр-көптүр кадимкидей эле тиричилик кыла алат. Бирок жаңы “өсүү борбору” калыптануусу үчүн, баягы эле 2 жылдай мөөнөт керек. Бул аралыкта баланын көйгөйлүү жери оорушу жана/же ал аксашы мүмкүн.
Кашка жиликтин жамбаш сөөк менен болгон ашташына басым келтирбөө жана оорушун азайтуу үчүн, таякты же балдактарды колдонсо болот. Бул муундун толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоо жана аны көбөйтүү үчүн, сууда сүзүү сыяктуу ортожүктөмдүү көнүгүүлөр жардам бериши мүмкүн.
Гипстөө, мүчөнү ордунда бекем кармоочу жасалганы колдонуу же хирургиялык операция жасатуу – буларда чынында зарылчылык барбы же жокпу, бул маселеде көп талаш-тартыш бар. Айрыкча 6 жашка чейинки балдарда муун ооруу жана аксап басуу көйгөйлөрү дарылоо менен деле, дарылоосуз деле бара-бара өзү жоголот. Мындай жагдайдагы эң мыкты сунуш – эч нерсе кылбай эле коюу. (Ата-эне үчүн мындай жолду тандоо оор, бирок ушинткенде, баланын да, үй-бүлөсүнүн да турмушу жеңилирээк болот.) Активдүү болуусуна балага мүмкүнчүлүк бериңиз. Бирок эгер муунуна күч келип, бул баланы тынчсыздандырса, анда ал чуркабасын, секирбесин жана баспасын. Улуураак жаштуу балдар үчүн хирургиялык ыкма эң туура болушу мүмкүн.
Эгер “өсүү борбору” тоголок болуп калыптанып айыгып, жамбаш сөөктөгү ойдуңчасына жакшы отурса, анда балада кийин артрит деген көйгөй пайда болбошу ыктымал. Бирок эгер “өсүү борбору” ойдогудай калыптанбаса, айрыкча жамбаш сөөктөгү ойдуңчасына жакшы отурбаса, анда балада артрит эртерээк өрчүй башташы жана анын катаалдыгы олуттуу болушу мүмкүн.
Балада Пертес оорусу болгондо, эмне кылуу керектигин жана дарылоодон эмнени күтсө болорун билүү үчүн, ошол ашташтын рентгендик сүрөттөрү жардам берет.